Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

БИШКЕКТЕ МИКРОАВТОБУСТАРДЫН АЙДООЧУЛАРЫ ИШ ТАШТАШТЫ


Бүгүн Бишкекте микроавтобус айдоочулар текши иш ташташты. Алар күйүүчү май кымбаттагандыктан жол акысын эки эсе көтөрүүнү талап кылышууда. Иш таштаган айдоочулардын талабын бүгүн эле шаардык бийлик карап чыгып, аны орундатуудан баш тартты.

Бүгүн эрте менентен эле шаардык каттамдагы маршруттук кичи автобустардын айдоочулары акыркы аялдамаларда жана борбордук аянтка топтолуп, иш ташташты. Айдоочулардын айтуусунда аларды буга барууга күйүүчү майдын 17 сом 50 тыйындан 21 сомго кескин көтөрүлүп кетиши жана лицензиянын кымбаттаганы, жол салыгынын үч эсе жогорулап кетүүсү аргасыз кылган.

-Жолкире күйүүчү май 4 сом кезинде 5 сомго чыккан эле. Андан бери күйүүчү майдын баасы көтөрүлүп отуруп, мына 21 сомго чыкты. Мындан сырткары тамак-аш, азык-түлүк эле эмес, биздин лицензиябыз, жол салыгы бир нече эсе кымбаттады. Биз өткөн жылы эле жолкирени жогорулатып берүү талабын тиешелүү жетекчиликтерге койгонбуз. Алар убада берип гана тим болушкан,-дейт өзүн Булат деп тааныштырган айдоочу.

Кичиавтобустардын айдоочуларынын иш таштоосу алгачкы эмес. Былтыр апрель айында да күйүүчү майдын кымбаттап кетүүсүнө нааразы болгон айдоочулар иш таштап, жергиликтүү бийликке бир нече талаптарды коюшкан. Ошонун негизинде күйүүчү майдын баасы кайра 18 сомго түшүрүлгөн болчу. Айдоочулар күйүүчү майдын баасын төмөндөтүү менен эле маселе чечилбей тургандыгын билдирип жатышат. Өзүн Алтынбек деп тааныштырган айдоочу күйүүчү май кайра бат эле кымбаттабайт деп эч ким кепилдик бере албайт, ошондуктан жол акыны жергиликтүү бийлик көтөрүп берсин деген талабын билдирди.

Кичи автобустардын токтоосу менен элдин ары-бери каттоосуна да кыйынчылык түзүлдү. Аялдамаларда унаа күтүп, топтолгон жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн шаардагы эки троллейбус паркынын бардык троллейбустары каттамга чыккан. Бирок булар да жетишпей жатышат.

Иш таштаган айдоочуларга шаар кеңешинин депутаттары, шаардык мэриянын жана шаардык транспорттук агенттиктин өкүлдөрү барып жолугушуп, бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлдү. Аталган комиссия иш таштаган айдоочулардын талабынан дароо карап чыгып, аны орундатуудан баш тартты. Ал эле эмес иш таштоого укуктук баа берүү жагын Коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигине тапшырды. Жүргүнчү ташуучу ишкана ээлерине айдоочулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, нааразылык чарасын кечке чейин токтотуу талабы коюлду.

Учурда Бишкек шаарында түрдүү багыттагы 300 гө жакын каттам бар. Мэриянын маалыматы боюнча, бүгүн 150 дөн ашуун кичи автобус каттамга чыккан эмес. Бирок жергиликтүү талдоочулардын айтымында, каттамга чыкпаган кичи автобустардын саны бир канча эсе көп.

XS
SM
MD
LG