Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

«Кадам» ишканасынын жактоочулары пикетке чыгышты


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Жал» кичи районунун 20 чамалаш тургуну өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты. Алар өкмөттөн «Кадам» акционердик коомуна караштуу турак үйлөрдү мыйзамдуу ээлерине кайтарып берүүнү талап кылышты. Пикетчилердин айтымында, алар ишканадан сатып алган батирлерде башкалар жашап жатышат. Мындан бир апта мурдараак ушундай эле пикет уюштурган алардын каршылаштары өздөрүнүн турган үйлөрүн мэриянын чечими аркылуу алганын билдиришкен жана баюу максатын көздөп адам укугун тепсеп жатат деп «Кадам» акционердик коомунун жетекчилигин күнөөлөшкөн.

XS
SM
MD
LG