Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

Нурлан Мотуевдин жактоочулары бийликти калыстыкка чакырды


БИШКЕК. «Жоомарт» элдик-патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуевдин ишине акыйкат баа берилбесе, анын жактоочулары радикалдык чараларга барышат. Бул тууралуу алар «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдиришти. Адвокат Сырдашбек Жакыпов менен Мотуевди коргоо комитетинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаевдин айтымында, Мотуевди камоо коррупциялашкан мамлекеттик кызматкерлердин колунан келди, ошондуктан, Мотуевди Каракеченин башкы директору катары тааныган жетекчи катары президент Бакиев буга бөгөт коюшу керек. Нурлан Мотуев 24-майдан бери ээнбаштыкка жол берди, чоочун мүлктү басып алды деген өңдүү дооматтардын негизинде Бишкектин убактылуу кармоочу жайында отурат.

XS
SM
MD
LG