Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

Бишкек шаардык кеңеши иш таштаган айдоочулардын талабына көнгөн жок


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши жүргүнчүлөрдү ташуучу чакан автобустардын иш таштаган айдоочуларынын талаптарын негизсиз деген чечим чыгарды. Айдоочулар жол кирени эки эсе көтөрүүнү же солярка баасын арзандатууну талап кылып бүгүн текши иш ташташкан болчу. Шаардык кеңеш өз чечимин чыгарууда өзүнүн өткөн жылкы чечимине таянды. Анда күйүүчү майдын баасы 25 сомдон ашкан шартта гана жол кирени көтөрүү зарылчылыгы пайда болору белгиленген. Шаардык кенештин депутаттары ошондой эле иш таштоого укуктук баа берүүнү, маршруттук чакан автобустардын ишмердүүлүгүн иретке келтирүүнү тиешелүү органдарга тапшырды. Чакан автобустардын токсон пайызы жеке менчикке карайт.

XS
SM
MD
LG