Ар дайым социалдык жана саясий курч темаларды козгогон Илхом театрынын эл аралык турнеси апрель айында Венада башталган эле. Анда ала кушту атынан атаганы үчүн куугунтук жеген асасы жок дубана, айыпкерлерди ала койдой сабаган түрмөчүлөр, өз элинин канын митедей соргон эмир тууралуу Машраб деген спектаклдын премьерасы болгон.
"Илхомдун" директору Марк Вайл биздин радиого бүгүнкү Өзбекстандын өтүшүп бараткан көйгөйлөрүн жымсалдабай, каймана тил менен чагылдыргандан тартынбаган "Илхом" театрынын тагдыры бир жаратканды колунда экендигин мындайча билдирди:
Макр Вайл: Мен өз философиямды айта турган болсом, анын "Илхомго" эч кандай тийешеси жок. Мен ар кандай көркөм кубулуш исскусствонун туу чокусуна жете алса, ал зор энергиянын булагы боло алат деп эсептейм. Жылдыз жарылгандай, анын нуру көп жылдар бою чачыла берет. Театр 30 жылдан бери жашап келатат, анын дагы канчага жашаарын мен билбейм, бирок Илхом өзүн көрсөтө алды деп ойлойм.
Жаңыл Жусубжан: Режисердун айтымында, Борбор Азияда курч темаларды сахнада жеткиликтүү маңызда жана форматта кое алган театрлар жетишсиз. Ушул жагынан алганда Ташкен күнү бүгүн да аймактагы маанилүү маданий очок бойдон кала берип жатат.
Марк Вайл: Ташкен Борбор Азиянын театралдык мекеси бойдон кала берүүдө. Учурдагы ар кандай кыйынчылыктарга карабастан, шаар өз потенциалын сактап калды. Себеби үч миллиондуу шаар он миңдеген кишиден айрылды, бирок миллиондордон айрылган жок, ал улам жаңыланып турат. Өтө шыктуу жаш муундун өсүп чыгышын да мен ушундан көрөм. Жеке мен бул муунга көп үмүт артам. Жана Ташкендин дагы да келечеги бар деп ишенем.
Жаңыл Жусубжан: Марк Вайл Илхом театры Бишкекте болгонун, көрөрмандардын өтө жакшы кабыл алганын эскерди. Ал ирет ташкендик театр Карло Гоцинин Самарканд жөнүндөгү "Бактылуу кембагалдар" жомогун койгон эле.
Марк Вайл: "Бишкектик көрөрмандар бул спектакл тууралуу бир нече күн сөз кылды окшойт. Ал эми биз Ташкенде жаш режиссерлордун лабораториясын уюштурганда, ага катышабыз дегендердин эң көбү Кыргызстандан болду.