Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

ТААЛАЙ МОМУНОВ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН МУРДАГЫ КАТЧЫСЫ МИСИР АШЫРКУЛОВГО КОЛ САЛГАН ЭМЕС


Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Мисир Ашыркуловго кол салган деп айыпталган Таалайбек Момуновдун ишин кайра карап чыгуу жана тергөө жүргүзгөн топту жоопко тартуу керек деп билдирди. Акыйкатчы бул жөнүндө маселе коюп Башкы прокуратурага кайрылды. Таалай Момунов эки жыл мурда кармалып, былтыр тергөө маалында катуу оорудан каза тапкан.

Таалайбек Момунов ушул жылдын 17-майында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен толугу менен акталган. Анын адвокаты Сергей Слесаревдин айтымында, Таалай Момунов тергөө маалында кыйноого жана кысымга алынып күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгон:

"Биринчи май райондук сотунун токтому чыккан. Анда Таалай Момунов Мисир Ашыркуловго кол салды деген күнөөлөр жокко чыгарылды. Ал эми тергөө бул ишти сотко берип жатып Таалайдын күнөөнү мойнуна алган карама-каршы көрсөтмөлөрүнө таянган. Алар албетте тергөөдөгү ушундай карама каршылыктарына көңүл бурушкан эмес. Тергөө маалында Таалайдын коргонууга болгон укугу бузулган. Ал маң заттардан көз каранды болгондуктан тергөө атайын ага баңги заттарды берип керектүү көрсөтмө алган".

Таалайдын саламаттыгы оор экендигине байланыштуу дарыгерлер аны тез арада дарылоо зарылчылыгын айтышкан. Бирок, Таалай Чымкоргондогу психиатриялык ооруканадан дарыланууга чыгарылган эмес. Ошондон улам анын оорусу күчөп , өтө оор абалда гана шаардык ооруканага жеткирилип, ошол жерден каза болгон.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир бул маселе боюнча 2004-жылы эле өз пикирин билдирген. Ал Мисир Ашыркуловго кол салуу иши боюнча Таалай Момуновдун эч кандай тиешеси жок деп айткан эле.
Ушул жылдын май айында Биринчи май райондук соту тараптан Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча маркум Таалай Момунов акталгандыгына байланыштуу, анын мезгилсиз көз жумушуна алып келген иш аракеттери үчүн тергөө топтун өкүлдөрү жоопкерчиликке тартылыш керек дейт Акыйкатчы:

"Таалай Момунов каза болуп калса да, анын атын акташ үчүн, ага ушундай күнөөнү коюп, тергөө ишин баштаган тергөө топтун өкүлдөрүн жоопко тартуу керек деп башкы прокуратурага кайрылдым. Кылмыш ишинини бети ачылбаса эле, аны такыр башка бирөөнүн мойнуна илип коюп жатышбайбы",-дейт Турсунбай Бакир.

Бул ишти караган укук коргоо органдары өз кезегинде Таалай Момунов мамлекеттик ишмерге кол салуу фактысы эмес, башка кылмыш иштери боюнча кармалганын белилөөдө. Аталган кылмыш иши боюнча мамлекеттик айыптоочу болгон Бактыгүл Шаемованын айтымында, Таалай Момунов мыйзамсыз курал сактагандыгы жана жол кырсыгынана киши өлтүрүп алгандыгы үчүн кармалган.

Адвокат Сергей Слесаревдун айтымында, Таалайды толугу менен реабилитациялоо жөнүндө маселени азыркы учурда анын туугандары көтөрүп чыгышты. Бирок, бул өтүнүчтү орундатууга болбойт, деп билдирди Бактыгүл Шаемова:

"Мисир Ашыркуловго кол салуу фактысы боюнча Таалай Момунов акталды. Бирок ал дагы башка кылмыш иштери менен кармалган. Анын күнөөсү бар деп табылган. Ошондуктан Таалайды толугу менен актоо мүмкүн эмес".

Мамлекеттик ишмерге кол салуу фактысы боюнча акталганы менен Таалай Момуновду башка кылмыш иштери боюнча толугу менен актоо, ошентип, кыйын болчудай. Ал эми коомчулукта Мисир Ашыркуловго ким кол салды деген саясий сыры чоң суроонун жообу ачык бойдон кала берүүдө.



.

XS
SM
MD
LG