Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстан төрт уюмду экстремисттик-террорчул деп тааныды

БИШКЕК. Кыргызстанда төрт уюм тыюу салынган террорчул-экстремисттик уюм деп таанылды. Алардын катарында Хизбуттахрир уюму, Түркистанды боштондукка чыгаруу уюму, Түркистан исламчыл кыймылы, Чыгыш Түркистан партиясы бар. Мындай чечим Жогорку Сот тарабынан кабыл алынгандыгын бүгүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов журналисттерге билдирди. Ниязовдун айтымында, учурда булардан тышкары Аль-Каида уюмун да тыюу салынган террорчул уюмдун катарына кошуу маселеси талкууланууда.
XS
SM
MD
LG