Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Курманбек Бакиев: өзбек тилине расмий макам берилбейт


БИШКЕК. Кыргызстанда улуттар аралык тил катары орус тили гана кызмат кылат, көп улуттуу өлкөдө өзбек тилине расмий макам талап кылуу туура эмес. Президент Бакиев бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда ушинтип билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров өңдүү депутаттар расмий макам демилгеси жергиликтүү өзбек калкынан эмес, айрым саясий кызыкчылыгы бар депутаттардан чыгууда жана бул элди козутуп жатат дешти. Бул маселенин көтөрүлүшүнө жолугушууда депутат Давран Сабировдун өзбек тилине расмий макам берүү демилгесин жактаган көз карашы түрткү болду. 27-майда Жалалабадда өткөн митингде өзбек тилине расмий макам берүү демилгеси көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG