Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

КЫТАЙДА ЭКОЛОГИЯЛЫК КЫРДААЛ КУРЧУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Экономикалык реформа башталган 70-жылдардан бери Кытайдын улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмү кыйла өстү. Бул киши башына кирешенин бир нече эсеге көбөйүүсүнө, турмуштун жакшыруусуна өбөлгө түздү.Бирок эономиканын дүркүрөп өсүшү айлана чөйрөнүн булгануусу менен, ири аймактардын шорлонуп, айыл чарбачылык жүргүзүүгө жараксыз болуп калуусу, өзөн суулар менен дайралардын булгануусу менен коштолууда. Айлана чөйрөнү коргоо маселеси азыр Кытайда курч турат.

Кытайдагы экологиялык кырдаал начарлап баратат жана жыл сайын андан келип чыккан зыяндын көлөмү 200 миллиард доллар же жылдык дүң өндүрүштүн 10 процентин түзөт. Бул тууралуу өлкөнүн экологияны коргоо агенттигинин башчысынын орун басары Зу Гуангяо 5-июнда билдирип, экономикалык өнүгүү өтө көп табыгый ресурстарды талап кылып жатканын кошумчалады.

Зунун айтымында, акыркы жылдардын ичинде айыл- чарбачылык кылууга жарактуу аянттардын көлөмү азайып,сугат жерлердин аянты кыскарды. Ал эми өкмөттүн экологиялык тең салмакты сактоо үчүн бөлгөн каражаты ынандырарлык эмес.

Мындан бир жума мурда Кытай маалымат каражаттарында Янзы дарыясынын булгангандыгы жөнүндө кабарланган эле. Эксперттердин пикиринде канцерогендик заттар менен таштандылардан жабыркап жаткан дарыя ары дегенде беш жылдын ичинде өлүк суу болуп калышы ажеп эмес. Бул анын жолунда жайгашкан миңдеген гектар жерлерге зыян келип, Шанхай сыяктуу миллиондогон тургуну бар ири шаарларды таза суусуз калтырмакчы.

Кытайдагы кооптуу экологиялык кырдаалдан ага кошуна жайгашкан өлкөлөрдүн эли да жабыркоодо. Былтыр ноябрь айында Кытай аркылуу Россиянын Хабаровск шаарына карай аккан Соңгуа дайрасындагы химкомбинатта болгон кырсыктан миллиондогон адамдар, анын ичинде Россиянын чек аралаш шаар-кыштактары иче турган суусуз калышкан.

Кытайдагы экологиялык проблемалардан кошуна Казакстан дагы жабыркоодо. Шиңжаң автономдуу областынын дүркүрөп өнүгүүсү Кытайдан Казакстанга кесип өтүп, Балкаш көлүнө куйган Иле дайрасынын суусун азайтууда. Казакстандын "Табигат" деген уюмунун төрагасы Мелс Елеусизов минтип отурса, Балкаш көлү да Арал деңизинин тагдырына туш болот, дейт.

"Биздин эң чоң көлүбүз Балкаш суусунун 80 процентин Иледен алат. Ал эми дарыя суусунун 70 проценти Кытайдан агып келет. Акыркы жылдарда Кытай Шиңжаң Уйгур автономдуу областына борбордук чөлкөмдөрүнөн миллиондогон адамдарды көчүрүп келди. Алардын баарына суу керек. Алар сууну өндүрүш жана айыл чарба керектөөлөрүнө да алышат. Эгерде буга Иле суусунун 15 проценти эле кетсе, биз дагы бир Арал проблемасына туш болобуз",- дейт Элеуэсов.

Америкалык эколог Лестер Браун эгерде Кытай азыркы өнүгүү темпинде кала турган болсо, анда өлкөнүн киши башына кирешеси 25 жылдан кийин Американыкына теңеле турганын, аны менен бирге табыгый ресурстарды керектөө көлөмү да Американыкын кубалап жете турганын белгилейт.
Андай болгондо бул эбегейсиз өскөн суроо талапты канагаттандыруу үчүн ресурс жетишсиз болуп калышы ыктымал.

"Кеминде 25 жылдан кийин Кытай дүйнөдө өстүрүлүп жаткан эгиндин үчтөн экисин керектеп калат. Кагаз керектөөсү азыркы дүйнөлүк керектөөдөн эки эсеге көбөйөт. Жер жүзүндөгү токойлор жок кылынат... Бул маселенин бир эле жагы",-дейт Браун.

Браундун айтымында, түзүлүп жаткан жагдай дүйнө өлкөлөрүн жаңыча чарба жүргүзүү жөнүндө ойлонтууга тийиш. Жаңыча чарба жүргүзүүнү, энергия жана чийки зат өндүрүүнүн жаңы ыкмаларын өнүктүрүп, аларды ийгерип кетүүдөн адамзаттын келечеги көз каранды болот, дейт ал. Чарбачылык кылуунун жаңы модели катары эксперт ресурстардын өзүнөн-өзү жаңырып туруусуна өбөлгө түзгөн технологияны пайдаланууну, электр энергия өндүрүүнүн жаңы булактары: шамал, күндүн энергиясын алуу аракеттерди мисал келтирет.

XS
SM
MD
LG