Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

АДАМ УКУГУ – АКСЫ АРМАНЫ


2002-жылдан бери Аксыдагы алааматта жакындарынан ажырагандар, жабырлангандар акыйкаттык издеп келишет. Мурдагы бийлик тушунда сот адилеттигинен үмүтүн үзгөндөр бийлик жаңылангандан кийин Жогорку сотко кайрылышкан. Жогорку сот талашты Конституциялык сотко оодара салып, андан жыйынтык чыкпаган соң мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Аксынын арманын жаңы бийлик сөзсүз угушу керек эле дейт.

- Бизди ким угат! Адамдарды атып коюшту. Эки жыл өтүп атат, үч жыл өтүп атат, төрт жыл өтүп атат, айланайындар! Эч кимди жоопкерчиликке тартышкан жок. Кана жоопкерчилик?! Аны эларалык уюмдарда эмес, алгач ушул жерде айтып алышыбыз керек го. Мына, аксылыктарды токмоктоп атканда укук коргоочулар кайда жүрүштү деп Турсунбек Акун бул жерде айтууда. Биз ойноп жүрдүк, Турсунбек! Бизди деле токмоктошту, сүйрөштү.

Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров Аксы алааматын жүрөгү аркылуу өткөрүп, эмдигиче арман кылып келатканын жашырбайт.

- Аксы менин деле жүрөгүмдөн өткөн. Аны биринчи козгоп чыккан деле мен эмес белем. А.Бекназаров абакта менин билдирүүмдү жокко чыгарып жатты. «Мени ким урмак эле? Ким менин камерама кире алат экен? Милиция мени урмак тургай тамак-аш алып кирип жатат» деп. Ошондо мен бир жолу катуу сынгам.

Аксылыктардын Жогорку соттон табалбаган акыйкатын Конститутциялык сот да чечип бере албайт. 2003-жылкы Башмыйзам өзгөртүүсүнөн кийин өз укугун коргоп жөнжай адамдар Конституциялык сотко кайрыла алышпайт.

- Биз карай албай келдик. Мурда 2003-жылдын февралына чейин каралган иштердин үчтөн экиси, атүгүл андан көбү, жарандардын арызынын негизинде болчу,- дейт Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова.

Жабырлануучулардын жанын кейитип, укуктук так баасын алалбай келаткан бул ишти кароого Конституциялык соттун күчү келбестигин көргөн президент К.Бакиев мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган Жогорку сот мүчөлөрүнө таасир көрсөтүү тапшырмасын бергендигин А.Мадумаров жарыя кылды.

- Президент Жогорку сот төрагасына ишти караган сотко чара көрүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысынын өз алдынча бийлик бутагынын өкүлүнө алдагыдай тапшырма бериши мыйзамга туура келер-келбешин адистер аныктар. Антсе да Кыргызстанда адам укугун коргоо, сот адилеттигине жетүү жаатында толгон-токой проблемалар бар экендиги эч кимге жашыруун деле эмес. Аксылыктардын иши ошондой көп мисалдын бирөө гана.

- Башка эл бизге келгенде «өзүңөрдү коргой албай, бизди кантип коргойсуңар?» деп карап турушат. Чет элден келген инвесторлор келерден мурун бул жерде демократия канчалык өнүккөн, адам укугун коргой алабы же жокпу – ушуну карашат экен,- дейт Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG