Европа Биримдигинин жетекчилигинин өкүлү Хавьер Солана жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Иран маселеси боюнча пикир алышышты. Тараптар Тегеран анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдугун берет деген ишеничин билдиришти. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине мүчө-өлкөлөр жана Германия тарабынан Тегеранга уранды байытууну токтотуунун ордуна бир катар экономикалык кызматташтыктар сунушталды.