Отчет - Европа Кеңеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссияны жетектеген швейцариялык адвокат Дик Мартинин жетекчилиги алдында даярдалган, ал эми Кеңештин Парламенттик Ассамблеясында 27-июнда талкууланат. Отчетто так далилдер табылбаганы тууралуу айтылат, бирок айрым маалыматтарга караганда, АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги менен 14 европалык мамлекеттин жетекчилиги же жашыруун түрдө кызматташкан, же мыйзамсыз аракеттер болуп жактанын билип, ага көз жумган.
2001-жылы АКШ эл аралык террорчулукка каршы согуш баштаганда Ооганстан, Пакистан жана айрым башка мамлекеттердин аймагында террорчулуктан шектелген жүздөгөн адамды кармап, аларды негизинен Куба аралындагы Гуантанамо базасына алып келип кармаган. АКШнын өзүндө былтыр жарыяланган маалыматтарга караганда, айрым учурларда кармалгандар башка мамлекеттердин аймактарына жашыруун алып барылган жана кыйноо менен суралганы мүмкүн, анткени АКШ Женева конвенциясын бузбаш үчүн андай аракеттерди өз аймагында жасаган эмес.
Шектелген европалык мамлекеттердин жетекчилери дароо андай маалыматтарды жокко чыгарган. Европа Кеңеши болсо мындан жарым жыл мурда атайын комиссия түзгөн. Анын төрагасы Дик Мартинин айтымында, иликтөө аяктап бүтө элек: "Мен ишенем, чындыкты ачыкка чыгаруу багытында жылыштар бар. Жана биз улам жаңы маалымат тапкан сайын, улам көп адам ал тууралуу айтып берүүгө макул болууда. Бул абдан оң жылыш, ошондуктан мен бүгүн силерди ишендире алам, биздин изилдөө аягына чыга элек", - деди Дик Марти 7-июнда.
Анын айтымында, туткундарды өз аймагы аркылуу жашыруун өткөрүүгө жети мамлекет уруксат берген, алардын арасында Марти Македонияны атады. Өз аймагында жашыруун абак ачууга болсо Польша менен Румыния макул болгон. Туткундарды алып бараткан учактардын өз аймагында убактылуу конгонуна Грекия, Ирландия, Кипр, Португалия жана Түркия сыяктуу мамлекеттер уруксат берген. Адам укуктарынын антип бузулганына Алмания, Босния, Британия, Испания, Италия жана Швеция дагы катышкан.
Польшанын премьер-министри Казимеж Марцинкевич дароо Мартинин жарыялаган маалыматын жалаа деп атады. Улуу Британиянын өкмөтүнүн айтымында болсо, Дик Мартинин отчетунда жаңы эч кандай маалымат айтылбады, ошондуктан ага жооп берүүнүн дагы кажети жок.
Европа парламентинин мүчөсү Коталине Боутенвехтин айтымында болсо, так далилдер табылбаганы менен, европалык мамлекеттер бул былык аракеттерге катышканы анык: "Адам укуктары бузулганы тууралуу шек пайда болгондо, сөзсүз иликтөө жүргүзүлүш керек. Укуктардын антип тебеленгени жөнүндө бизде видеого тартылып алынган далилдер болбогону менен, бир топ кыйыр далилдер жана башка маалымат бар. Андан тышкары европалык өкмөттөр унчукпай отурушат, ошондуктан алар өзүнүн унчукпаганы менен күнөөлүү, ал дагы адам укуктары боюнча конвенцияны бузгандык", - дейт голландиялык депутат.