Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

КОРОЗДУН МИЛДЕТИ КЫЙКЫРЫП ТУРУШ, ТАҢ АНСЫЗ ДЕЛЕ АТАТ


Бийлик төбөлдөрүнүн жолугушуусу, президент К.Бакиевдин Кытайга расмий иш сапары, дүйнөлүк футбол мелдешинин ачылышы. Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде арбын козголгон темалар мына ушулар.

Аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот бийлик өкүлдөрүнүн Акүйдөгү жолугушуусун жума күнкү «Агым» гезити «Айыл өкмөтү – 2» деген аталышта сыпаттады. «Мынакей, уюшкула дагы өкмөт мүчөлөрүн кошуп алып чогуу саунага баргыла! Бильярд ойногула, болбосо ар кимиңер өз-өзүңөрчө эле жүрөсүңөр», дейт президент К.Бакиев жыйында сүйлөгөн сөзүндө. «Эгер кезекке туруп министр-чиновниктер сауна-мончого бара турган болсо, мончонун пайшамба күнүн мага бергиле дедим», дейт Дооронбек Садырбаев ушул эле гезиттеги маегинде.

«Азыркы бийликке ишеним жок» деп жазат парламент депутаты Темир Сариев ушул эле гезиттеги макаласында. Азыр ири инвестициялык долбоорлор талашка түшүп жатат. Эмне үчүн, анткени экономикалык мыйзам – ачыктык жетишпейт жатат, дейт Т.Сариев.

Парламент Улуттук телерадиокомпанияны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу тууралуу мыйзамды экинчи окууда кабыл алды. «Калыстыкты, элди, демократияны бийик тутуп, былтыркы убадаларын аткарса К.Бакиев бул мыйзамга кол коюп, аброюн бийиктетет. Жок, мындай идеологиялык куралды колдон чыгаргысы келбесе» А.Акаевдин жолун кайталайт, деп белгилейт гезит.

Он талаптын артында эмнелер бар? Же оппозициячылар неге кыр көрсөтүп жатышканына «Аалам» гезитинде П.Дүйшөнбаев токтолгон. «Оппозициянын лидерлери эски макаладагыдай «короздун милдети кыйкырып гана туруш, андан кийин таң атпаса деле мейли» деп ойлошот окшойт. Минтип сыртын салып туруп алып, сындоо менен гана алек болуу жакшы позиция эмес», деп белгилейт макала автору.

«Аалам» гезитинде Нурзада Ташбаева мурдагы «демократия аралы» карызга белчесинен батып, өндүрүшүн өзү иштете албай, ушу тапта ХИПК демилгесине кирсекпи-кирбесекпи амалында арасат турганын сөзгө алган. Ал эми айыл чарба финансы корпорациясынын багы ачылбай, өкмөт аны жеке колго саталбай, парламент жол ачпай, арабөк турганы Аида Надырбекованын макаласында талдоого алынган.

Ушул эле гезитте айрым депутаттардын өзбек тилине расмий тил укугун берүү жөнүндөгү сунушуна карата пикирлер жарыяланган. Академик А.Какеев өзбек тилине андай укук берүү туура эмес. Себеп дегенде, Кыргызстанда жашаган 80 ашуун улуттун өкүлдөрү үчүн өзбек тили катнаш тил боло албайт.

Темага «Кыргыз руху» гезитинде саясат таануучу Токтогул Какчекеев да токтолгон. «Кыргызстанда 14 миң карачайдан депутат, он миңдей корей улутунун өкүлдөрүнөн корей депутат, жети өзбек, орус депутаттар бар. Мындай береке, кеңчилик демократия деген башка өлкөдө жок болсо керек», дейт Т.Какчекеев.

«Өзбек тилине расмий статус ыйгаруу демилгесинин артында ким турат?» Бул суроого жоопту «Бишкек таймс» гезитинде Махаммад Абдуллаев издеген. Ал эми «Жаңы ордо» гезитинде Жалил Сапаровдун «Өзбек калкы Кадыржан Батыров бизди уруштурат да өз самолет менен учуп кетип калат. Мунун үй-бүлөсү бул жерде эмес, Дубайда деп айтышууда», «Кадыржан Батыров Айдар Акаевдин жакын кишилеринен болгон, ортодо мамилелери бар эле» деген макалалары жарыяланды.

Парламент кабыл алган менчиктештирүү программасына «Учкун» акционердик коому да киргизилген. Ага тиешелүү мүлктөрдү ичинде «Кыргыз туусу», «Слово Кыргызстана» гезиттери ээлеген имараттар да бар. Депутат Ө.Текебаевдин пикиринде, менчиктештирүүдө эки гезит отурган имаратты кошо берүү керек. «Ошондо гана ушул эки гезит баалуулукка ээ болот», дейт ал. Мамлекеттик катчы А.Мадумаров бул өкмөт менен редакция акылдашып чече турган маселе экенин билдирген.

Үч бийлик өкүлдөрүнүн жыйыны тууралуу жума күнкү «Кыргыз руху» гезити да жазды. Басылманын ырасташынча, «депутаттар кандай кырдаал болбосун оозунда сөзү барлар. Айтууга милдеттүүбүз деп айта берип, айта берип көнүп калышса, алардын талабын, сынын, койгон маселелерин бийлик уга берип, уга берип көнүп бүткөн. Бу жолу оппозиция – «Реформа үчүн» кыймылы кезектеги алымсабактан аткез кылышты. Ошентип диалог эмес эле К.Бакиевдин монологу болду».

Гезитте Нурлан Мотуевдин «Каракечени басып алганы барган жокмун, мени эл чакырды» деген макаласы жарыяланды. «Акаевдин куйруктары айткандай, өзүмчө барып Каракеченин көмүрүн басып алган жокмун. Мени эл чакырышкандан бардым», дейт Н.Мотуев.

Кыйладан бери укуктук баасын алалбай келаткан иш тууралуу «Жаңы кылым» гезитинде Чүкө Саруунун «Аксы окуясынын аягына ким чыгат?» деген макаласы чыкты. «Бийлик минтип бири экинчисине тапшырма берип, даттангандарга тил эмизүү менен алек болуп жатканда Аксы окуясын мурда ага кайдыгер болуп келген оппозиционерлер өздөрүнүн куралына айлантып, саясий кырдаалды курчутуууга пайдаланышууда», деп жазат макала автору.

Бүгүндөн баштап дүйнөлүк футбол күйөрмандарынын көңүлү Германияга ооп калды, деп маалымдайт «МСН» гезитинде Александр Никитенко. «Финалга баары бир бразилиялыктар чыгат деп ойлойм. Алардын атаандашы германдыктар, италиялыктар же аргентиналыктар болушу ыктымал», дейт макала автору.
XS
SM
MD
LG