Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Кыргыз президенти Кытай жетекчилери менен жолукту


БИШКЕК. Кытайда иш сапары менен жүргөн президент Курманбек Бакиевди бүгүн Кытай Эл республикасынын төрагасы Ху Цзиньтао, Мамлекеттик кеңештин премьери Вэнь Цзябао жана эл өкүлдөр кеңешинин туруктуу комитетинин төрагасы У Банго менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу улуттук «Кабар» агенттиги маалымдады. Тараптар сүйлөшүү учурунда эки тараптуу кошуналык кызматташтыкты улантууга ынтызарлык билдиришти. Курманбек Бакиев премьер менен жолугушууда жаңы өкмөт экономиканы көтөрүүгө бардык аракетин жумшап жатканын белгилеп, инвестициялоо жараянына активдүү катышууну Кытай тарапка сунуштады. Өткөн он төрт жыл ичинде Кытай Кыргызстандын экономикасына 400 миллион юань инвестиция берген.

XS
SM
MD
LG