Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Кыргыз чегарачыларын өзбек атуулдары таш бараңга алышты


ОШ. Ош чегара отрядынын маалыматына караганда, Араван районунун Төөмоюн айыл өкмөтүнө караштуу Өзбекстан менен чектешкен Найман чегара бекетинде өзбек жараны келип чегарадан өтүүнү мыйзамсыз талап кылган. Анын талабы аткарылбаган соң ал жаңжал чыгарууга аракеттенген. Ал андан соң эрчитип келген отузга жакын өзүнүн жердештери менен биргеликте кыргыз чегарачыларын көздөй таш атышкан. Чегарачылар автоматтан асманга ок чыгаргандан кийин гана Өзбекстандын атуулдары таркап кетишкен. Учурда аталган окуяны иликтөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кубанычбек Жолдошев

XS
SM
MD
LG