Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

«МИЛИЦИЯ БИЙЛИККЕ ЭМЕС, ЭЛГЕ ЖАКЫН БОЛУШУ КЕРЕК”


Өлкөдө кыргыз милициясы учур талабына жооп бере турган, элге кызмат өтөй турган органды түзүү максатында 3 жыл мурун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Кыргыз өкмөтү “Ички иштер органдарын реформалоо” боюнча атайын программаны кабыл алган. ЕККУ элдин колдоосу жок милицияда реформа боло албайт, кыргыз милициясы менен кызматташууга ар дайым даярбыз десе, коомдо өзгөрүүлөр болгон сайын биздин тармакта да реформа жүрүп турушу керек, дейт ички иштер министрлиги.

Кыргыз милициясынын иши менен тааныштырып, калктын аларга болгон ишенимин жогорулатуу максатында бүгүн Бишкекте өткөн “Ачык эшик күнүндө” ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси Маркус Мюллер бул тармакта реформаны жүргүзүүдө дагы көптөгөн аракеттер жумшалышы керек дейт:

- Эгерде биз ички иштер органдары менен болгон 3 жылдык кызматташуубузду карап көрсөк, мен ойлом бул жаатта көптөгөн жетишкендиктер болду. Ошону менен бирге милиция кызматкерлери менен карапайым калктын ортосундагы болгон мамилесинде да чоң жетишкендиктер бар. Элдин колдоосу жок милицияда реформа боло албайт. Алдыда дагы көптөгөн кадамдар жасалыш керек. ЕККУ кыргыз милициясы менен кызматташууга ар дайым даяр.

Бул программанын алкагында тергөө топторун окутуу менен жана аларга техникалык жактан жардам көрсөтүүнүн натыйжасында тергөө иштеринин жана баңги заттар менен күрөшүүнүн сапаты жогорулады, деп кошумчалады элчи Маркус Мюллер.

Ал эми Америкадан келген полициянын кызматкери Джеймс Фуллердин пикиринде, милиция менен элдин мамилеси, кызматташы тыгыз болуш керек:

- Милиция менен коомчулуктун ортосунда кызматташтыкты жакшыртуу үчүн милиция кызматкерлерин адам катары чыныгы келбетин көрсөтүш керек. Милицияда иштеген көп жаш улан-кыздар өзүнүн ишин жакшы жакка өзгөрткүсү келет экен-, дейт Джеймс Фуллер.

ЕККУнун “Ички иштер органдарын реформалоо” программасынын башкы максаты- элге кызмат кыла турган, коомчулуктун алдында жооп бере турган, демократиялык стандарттарга жооп берчү кыргыз милициясын түзүү. Бул максаттар канчалык деңгээлде ишке ашып жатат, дегеле Кыргызстанга ушундай реформа керекпи деген суроо менен Ички иштер министринин биринчи орун басары Шеркозу Мурзакаримовго кайрылдык:

- Менимче реформа деген узак мөөнөттүү болушу керек. Коомдо өзгөрүүлөр болгон сайын биздин тармакта да реформа жүрүп турушу керек. Бир орунда турбашыбыз керек. Бийликке жакын эмес, элге жакын, эл ишене турган милиция болушубуз керек,- дейт Шеркозу мырза.

“Менин милициям мени коргойт” демекчи, коомчулук милицияга канчалык деңгээлде ишенет? Шаар тургундарын сөзгө тарттык:

- Эми ар кандай кызматкерлер бар да. Мен өзүм милиция чакырганда бат эле келет. Кээде орой сүйлөгөндөр да кездешет. Бирок ошого карабастан мен милицияга ишенем, андан башка кимге ишенмек элем.

Ошондой эле милициянын катарына кызматкерлерди катуу сынак менен тандап алынса деген пикирлер да айтылды:

- Милицияга татыктуулар келсе. Жөн эле жүргөндөрдү алардын мамилесинен, сүйлөгөн сөзүнөн, кийген кийиминен эле байкаса болот.

Милиция кызматерлеринин арасында өз ишине туура эмес мамиле жасагандар да бар экениин министрдин орун басары Шеркозу Мурзакаримов да жашырбайт.

Учурда ички иштер органдарын реформалоо боюнча программанын экинчи баскычына өтүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG