Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

КАШКАР ГИЛАСПЫ, ЖЕ КОКОН ГИЛЯСПЫ?


Ар бир жердин өзүнүн сыймыгы ошол аймактын атагын алыска тааныткан өзгөчөлүктөрү болот. Кээде бул өзгөчөлүктөр атактуу инсандары, кооз табияты, кээде даамы таңдайда көпкө сакталып калган мөмө жемиштери менен эл оозуна алынат. Бүгүнкү сөзүбүз Кадамжай районуна караштуу Үчкоргон аймагында көп жылдан бери өстүрүлүп келген Кашкар Гиласы тууралуу болмокчу.

Биз сөз кыла турган Кашкар Гиласы Борбор Азия элдеринин арасында Кокон гилас деген аталышта таанымал. Азыр бул кочкул кызыл түстөгү ширин мөмөлөр Орусиянын Санкт-Петербург шаарына чейин эзилбестен жетип супермаркеттерде кадыресе сатылууда.

Бирок бул мисалда кочкул кызыл гиластар, өстүрүлгөн Үчкоргон жеринин атын албастан, 19-20-кылымдын алып сатарлары дайыма Кокон шаарына алып барып сатуу жүрүшүп бул мөмөлөр Кокон Гилас деп аталып калган. Бул тууралуу жыйырма жылдан ашуун гилас менен шугулданган Токтосун Мадалимов буларга токтолду:

- Бул гиляс Кашкардан келет, ошондуктан Кашкар гилясы дейт. Үчкоргондуктар Коконго алып барып сатышкан. Кокон гилясы деген ошондон келип чыккан.

Үчкоргондо дайыма июнь айынын башталышы менен айыл аксакалдары, ири кардарлардын катышуусунда Гиласка жалпы баштапкы баа чегерилип, дуба окулат. Ошол сааттан баштап үчкоргондуктардын негизги деген кирешеси Гилас сатуу өнөктүгү башталат. Бул тууралуу Үчкоргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абаз Матазимовду уксак:

- Бул гилясты элибиз бир жылдан бери күткөн. Азыр гилястар бышты. Быйыл гилястын баасы 65 сом болду. Кардарлар канча көп болсо элибизге ошончо жеңилдик болот.

Ошондой эле айыл өкмөт башчысы жылда гилас сатуу башталганда ар кандай орган кызматкерлери келип элге, кардарларга кысым көрсөтчү адаттары башталат деген пикирин да жашырган жок:

- Өткөн жылдары КАМАЗдарды салык инспекциясынан, органдардан келип текшергенге убактылары болгон - деди Үчкоргон айыл өкмөтүнүн башчысы Абаз Матазимов.

Үчкоргондуктардын жыл бою күткөнү эле гиластын жакшы болуп бериши. Ал үчүн жергиликтүү эл гилас бактарына кышы менен, андан соң эрте жаздан кам көрө баштайт. Бул үчүн алар кык түтөтүп, мите курттар үчүн түрдүү химиялык дарыларды себишет. Ошондо гана орточо багы бар үй-бүлө отуз миң сомго чейин киреше ала алат.

XS
SM
MD
LG