Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

ГУАНТАНАМО АБАК ЖАЙЫНДА ҮЧ ТУТКУН ӨЗ ЖАНДАРЫН ӨЗДӨРҮ КЫЙЫШТЫ


Америкалык аскерлерге караштуу Гуантанамо абак жайында террорчу деп шектелген үч туткун өз жандарынын өздөрү кыйганы ырасмий түрдө маалымдалды. Кубанын жээгиндеги абак жайда жасалган жанкечтиликти анын башчысы, адмирал Харрис “АКШга каршы террордук согуштун уландысы” деп атады. Укук коргоочу уюмдар болсо болгон окуяны “камактагыларды сотсуз жана дайынсыз кармоонун натыйжасы” катары баалашты.

Кийимине жана жуурканга асынып өлгөн саудиялык эки жаран менен йемендиктин жасаты 10-июнда табылган. Абактын жетекчилиги мурда бул үчөө “мөөнөтсүз кармоого” нааразычылык ирети ачкачылык жарыялашканын, акцияны токтоткондон алдың аларга күчтөп тамак ичирилгенин билдиришти.

Аскерлердин ырасташынча, 2002-жылы түрмө ачылгандан бери 23 арестант 41 жолу өздөрүн өлтүрмөк болушкан.

Президент Буш, Ак Үйдүн кабарлашынча, касырет окуяга “өтө кабатырланып”, маркумдардын сөөгүн салтка ылайык жерге берүүнү сураган.

Гуантанамо абагындагы жанкечтилик америкалык аскерий жетекчилик үчүн күтүүсүз жаңылык болбоду. ”Бул жерде террорчу деп шектелип отургандар “жихадда шейит өлдү деп аталыш үчүн” эч нерседен баш тартышпайтпайт”, -деди АКШнын Түштүк командачылыгын башчысы, генерал Жон Крэддок. Лагердин акими, адмирал Гарри Харрис береги окуяны “АКШга каршы уюмдашып урулган сокку” дейт:

- Алар өтө амалкөй, тапкыч, көздөгөнүнө берилген адамдар. Алар не биздин, не өздөрүнүн жанын аяшпайт. Менин оюмча, бул үмүтсүздүк эмес, бул бизге каршы согуштун бир жолу.

Укук коргоочулар башка көз карашата. Эл аралык мунапыс уюму үч туткундун өлүмүн “узак жылдар бою сотсуз-сураксыз кармоонун жыйынтыгы” деп баалады.

-“Адамдар мыйзамсыз узак мөөнөт кармалганда, мындай жанкечтиликтин болору калетсиз эле”, - дейт Адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюмунун башчысы Кен Рот.

Аларга согуш туткуну деген макамдын же, АКШнын мыйзамына ылайык, кылмыш жасады деп шектелген адамдын статусу берилбегенден улам укук коргоочулар буга чейин да Вашингтонду катуу сындап келишкен.

Лагердеги 759 туткундун 300 чамалуусу бошотулуш же башка жакка которулуш керек экенин, болгону 10 адамга гана ырасмий түрдө айып тагылганын, алар эл аралык мыйзамды бузуу менен кармалып жатканын 19-майда Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча комиссиясы да маалымдаган.

Өткөн айда Британиянын башпрокурору, лорд Питер Гольдшмидт да түрмөнү жабууга чакырган:

- Гуантанамо Бей абакжайы акылга сыйбас көрүнүш. Менин баамымда, азыр аны жапчу убак келди.

Мындай сындоолорго байланыштуу Жорж Буш калабалуу окуядан бир күн илгери айрым туткундарды мекенине жөнөтүү зарыл, өтө коркунучтуу делингендерин АКШда соттоп, абак жайды бошотуу керек деген сунуш айткан болчу.

XS
SM
MD
LG