БИШКЕК. Ички иштер министри Мурат Суталинов киши колдуу болгон депутаттардын өлүмүнүн иликтениши боюнча парламентке отчет бериши керек. Бул тууралуу чечимди ЖК депутаттары кечээги сессияда кабыл алышты. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргенге караганда, буйуртма өлүмдөрдүн тергелиши боюнча отчет июнь айынын күн тартибине киргизилди.