Европа Биримдиги ушул аптада Ирандан анын өзөктүк маселесине байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарга карата жообун күтөт. Бул тууралуу Европа Биримдигинин жетекчилигинин өкүлү Хавьер Солана билдирди. Венада кечээ Ирандын Өзөктүк программасынын айланасындагы маселелерди Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жетекчилиги талкуулай баштады.