Европа Биримдиги Түркиянын ага мүчө-өлкө катары кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Мындай макулдашууга Люксембургда өткөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында жетишилди. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл бул чечимди жогору баалап, өлкөдө реформалар улантылаарын билдирди. Түркия менен Евробиримдиктин ортосунда илим тармагында кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлду.
Европа Биримдиги Түркиянын ага мүчө-өлкө катары кириши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр