Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

АЙДАГАНЫ ЭКИ ЭЧКИ, ЫШКЫРЫГЫ …


Шаршембидеги кыргыз басылмаларында экономикалык жана саясий, коопсуздук проблемаларын козгогон материалдар арбын жарыяланды.

Кыргызстанда жаңы экономикалык саясат тууралуу оголе көп айтылат. Бирок да буга чейин түзүлгөн программалардын кайрымжысы аз болду, дейт академик Турар Койчуев шаршемби күнкү «МСН» гезитиндеги «Өз келечегиңе кайдыгер карап турган болбойт» деген маегинде.

Академиктин айтуусунда, адистердин аракети менен түзүлүп, өкмөткө сунушталган жаңы экономикалык прогпраммада өнөр жай өндүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулат, аймактарды өнүктүрүүнүн жолдору көрсөтүлөт.

Кыргызстандагы ишкердик негизинен Бишкек менен Чүй боорунда гана катуу өнүгүп, аймактар баам сыртында калууда. Ошондон аймактык-өндүрүштүк комплекстерди түзүү зарылдыгы келип чыгууда. Т.Койчуев андай аймактарга , Ысыккөл эс алуу, Өзгөн-Жетим металлургиялык, төмөнкү Нарын энергетикалык, химиялык, машина куруу комплекстерин кошот.

Бул аймактык-өндүрүштүк комплекстерди бутуна тургузуу үчүн ириде анын экономикалык механизмдери иштелип чыгышы керек. Т.Койчуевдин программасында аймактарды көтөрүүдө административдик потенциалды пайдаланууга өзгөчө басым жасалган. Академик Т.Койчуев мамлекет ишти мыкты уюштурган менеджер болушу керек, дейт. Анын айтуусунда, жакырчылыкты жоюу, экономикалык өсүшкө өбөлгө түзчү КОР программасы көбүнесе популисттик маанайда түзүлгөн болчу. Ошол себептүү ал иштебей калды.

Ички иштер министрлигинин Кылмышты иитлктөө башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин тергөөгө келбей жаткан Мирлан Коноевди кармоо аракетине тууган-уругу каршы чыгып, тоскоолдук кылышканы ушул эле гезиттеги Юрий Груздовдун макаласында баяндалган. Бул тема шаршембидеги басылмалардын баарында козголду.

«Дело №» гезити Чолпонатадагы ички иштер кызматкерлеринин осол аракети жаңжалга анан да маалымдоо каражаттарындагы уу-дууга гана жарады деп жазды.

«МСН» гезитинин жаңы санында «Менин өлкөм» партиясынын билдирүүсүнө орун берилген. Анда парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун саясий иш-аракетине сын айтылган. Элдин атынан сүйлөөгө А.Бекназаровго ким укук берди? Шайланган президентти кызматтан алгыдай, дегеле бийликке кыр көрсөтүп, элдин пикирин эске албаган «революционердин» аракетин көпчүлүк кайдыгер карап турушу туура эмес, деп айтылат билдирүүдө. «Менин өлкөм» партиясы быйыл күздө саясий күчтөрдүн чоң жыйынын чакыруу сунушун жарыя кылган. Анда өлкөдөгү кырдаалды ийри олтуруп түз талкуулоо зарыл, деп айтылат партиялык билдирүүдө.

Кыргызстан улуттук коопсуздугу тууралуу өзүнүн доктринасын иштеп чыгышы керек, деп белгилейт «Республика» гезитинде саясий баяндамачы Алымбек Биялнов. Баткенге дагы бир куралдуу топтун кирип келиши Кыргызстандын коопсуздугу өтөле борпоң экенин көрсөттү. Башмыйзамда жазылган мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыз кылат деген сөз иш жүзүндө кандай экенин Баткен дагы бир ирет далилдеди, дейт автор. Орусия, АКШ сындуу лөк мамлекеттер коопсузудугун сактоо боюнча жанталашып аракет кылып жатса Кыргызстандын беймарал турушу туура эмес.

«АиФ Кыргызстан» апталыгы да кыргыз чегине кимдер келгенин иликтөөгө алган. Басылманын ырасташынча, жанкечтилер Тажикстандагы «Байат» кылмыштуу тобунун мүчөлөрү. Арасында өзбекстандык, кыргызстандык жарандар бар. Кыргызстандын коопсуздук, күч кызматкерлеринин мактана турган жөнү жок, кылмыштуу топту курчоого алган соң, аны колго түшүрүүгө апыл-тапыл аракет кылыштын кажаты жок болчу, дейт полковник Ш.Байзаков.

«Республика» гезитинде Геннадий Жалкубаевдин Кыргызстан энергетикасынын проблемаларын козгогон макаласына да орун берилген. Өкмөт бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүүгө камданууда. Жылына 13 миллиард сомдук электр энергиясын өндүрүп чыгарган өлкө 3 миллиард сомдук электр энергиясын сыртка чыгарат. Андан казынага болгону 800 миллион сом түшөт. Баарысы тартип орнотуу зарылдыгын айтышат, бирок да аны жасаган киши жок, дейт макала автору.

«Белый пароход» гезитинде Кыргызстандын ички иштер министри Мурат Суталиновдун «Бакиев мени отургузуп деле салмак, бирок министр кылды» деген маеги жарыяланды. 24-марттагы окуялардан кийин министр болуу оюма да келген эмес. 23-мартта Кыргызстандын Башкы прокурору катары саясий кырдаал курчуп турганын айткам. Бирок да кемеде жалгыз калган А.Акаев мыйзам бузгандар катуу жазаланат деп айтууга жараган жок деп айтышка жарай албады. Антип айтып коюшу керек эле, дейт М.Суталинов.
XS
SM
MD
LG