БИШКЕК. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мындай мыйзам долбоорун даярдоого Кыргызстанда соңку мезгилдерде боюнан алдыруу көбөйүп кеткенин жүйөө кылган. Долбоордо 12 жума жана андан өтүп калган түйүлдүктү боюнан алдыруу – кылмыш жасоого тете болоору белгиленет. Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети бүгүн бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрдү. Талкуу учурунда аборт жасоого тыйуу салуу өз алдынча жасалган операциялардын, таштанды бадардын санын көбөйтөөрү белгиленип, натыйжада акыйкатчынын демилгесин четке каккан резолюция кабыл алынды.
Кыргыз парламенти Акыйкатчынын он эки жумалык түйүлдүктү бойдон алдырууга тыйуу салуу сунушун четке какты