Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

БУУнун Качкындар иши боюнча башкы башкармалыгы кыргыз бийликтерин төрт өзбек качкынын Өзбекстанга кайтарбоого чакырат


БИШКЕК. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн бүгүнкү билдирүүсүндө башкармалык Кыргызстанда кармалып турган төрт өзбек качкынынын тагдырына тынчсызданып жатканы айтылат. Кыргызстандын Жогорку соту буга дейре үч өзбек качкынына качкын макамын берүүдөн баш тартып, эки күн мурда төртүнчү качкынга байланыштуу да ушундай эле чечим чыгарган. Өзбек тарап Анжиян шаарынын прокурору Ганижон Абдурахимовду өлтүрүүгө катышкан деп шектенген бул атуулдар Оштогу тергөө абагында кармалууда.

XS
SM
MD
LG