БИШКЕК. Ош тергөө абагында кармалып турган качкындар Өзбекстандын мыйзамдары менен соттолгон кылмышкерлер, андыктан башка мамлекеттин мыйзамдарын да сыйлашыбыз керек. Бул тууралуу Баш прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Токтогул Какчекеев билдирди. Ош тергөө абагында төрт өзбекстандык атуул Анжиян козголоңунан бери кармалып турат. Кечээ БУУнун качкындар комиссариаты бул атуулдарды Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырды.