Жапониянын тышкы иштер министри Таро Асо Түндүк Корея учурган ракета кокустук болуп, Жапониянын аймагына келип түшсө, Токио муну кол салуу деп санай тургандыгын билдирди. Түндүк Корея бүгүн континенттер аралык баллистикалык ракетаны учуруп, тажрыйба жүргүзмөк, бирок бул кабар тастыкталган жок.