Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

КАЗАКСТАН БАКЫ-ЖЕЙХАН МУНАЙ КУУРУНА КОШУЛДУ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 16-июнда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Бакы-Тбилиси-Жейхан мунай кууруна Казакстандын кошулуусу жөнүндөгү келишимге кол койушту.

Келишимге кол койуу аземинен кийин Алматыда сүйлөгөн сөзүндө президент Назарбаев бул макулдашуу мунайга бай Казакстан үчүн өтө маанилүү экенин, долборго кошулуу менен Казак мунайын батыш рыногуна ташып жеткирүүгө дагы бир мүмкүндүк түзүлүп жатканын билдирди:

"Бул келишимдин үстүнөн биз көптөн бери иштеп келатканбыз, бул абдан маанилүү макулдашуу. Биздин адистер опол-тоодой иштин өтөлүнө чыгышты".

Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев 2002 –жылдан бери созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген орток пикир Каспий кылаасында жайгашкан кошуналардын ак ниет мамилелерин ырастаганын билдирди.

"Эки өкмөттүн ортосундагы келишим Казакстанга мунайын Бакы-Тбилси-Жейхан кууру аркылуу ташууга мүүмкүндүк берет. Бул биздин мамилелерибиздин жогорку дэңгээлде экенин дагы бир жолу айгинеледи",- деди Алиев.

Сөз болуп жаткан келишим жетишилгенге чейин Казакстан мунайын адегенде Каспий аркылуу танкерлер менен Бакыдагы терминалдардын бирине жеткирип, андан соң Бакы-Жейхан мунай кууру менен ташуучу.

Узундугу 1770 километр келген Бакы-Жейхан мунай куурунун кубаттуулугу жылына 50 миллион тонна мунай алып өтүүгө эсептелген болучу, башкача айтканда, ал батыш рыногуна Азербайжандын гана мунайын жеткиргенге жарамак. Азери президенти Алиев куурдун кубаттуулугу керек болсо эки эсеге көбөйтүлүшү ыктымал, деп билдирди. Азери мамлекеттик мунай компаниясынын президенти Ровнак Абдуллаев куур аркылуу жылына 10 миллион тонна казак мунайын алып өтүү пландаштырылып жатканын айтты. Казакстан болсо келерки 10 жылдын ичинде мунай казып алуу өлкөдө көбөйө турганын билдирүүдө. Мунайды батыш рыногуна жеткирип, пайда көрүүбүз керек. Газ менен мунайдын жер алдында кала берүүсүнөн Казакстанга пайда жок, деди Назарбаев.

Келишимге кол койуу менен Казакстан үчүн дагы бир, үчүнчү мунай жолу ачылды. Эми ал кара майды Россиянын түштүк аймактары, Кытай жана Кавказ аркылуу ташый алат. Байкоочулар президент Владимир Путиндин визитинин жуп алдында кол коюлган келишим менен Казакстан тышкы саясатында өзүнүн жэке кызыкчыктарына шай келген варианттарды тандай ала турганын ырастады. Бул жерден Россия Бакы - Жейхан мунай куурун салууга 90-жылдарда айрыкча катуу каршылык көрсөтүп келгенин айта кетели.

Бакы-Жейхан мунай куурунун ачылыш аземи Түркияда 13-июлда өтөт. Расмий Анкара салтанатка 50 дөн ашык мамлекеттин өкүлдөрүн чакырууда.

XS
SM
MD
LG