Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Ысыккөл облусунун жетекчилиги Орусия, Венгрия жана Казакстан менен түзүлгөн келишимдер ишке ашаарына ишенет


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун губернатору Эсенгул Өмүралиев массалык маалымат каражаттары менен жолугуп, туризм боюнча Казакстанга маалымат борборун ачуу, Түп-Кеген автожолунун 86 чакырымын оңдоп, ишке киргизүү, көлдүктөрдүн айыл-чарба азык-түлүктөрүн жеринен саттыруу маселелери чечилгенин билдирди. Губернатордун жардамчысы Мирбек Кожоевдин ырастоосунда айыл-чарба азыктарын кайра иштетүүчү завод куруу боюнча Венгрияга жөнөткөн 14 долбоорду ишке ашыруу үчүн 29-июндан 4-июлга чейин атайын жумушчу топ келиши күтүлүүдө. Ал эми 21-июнь күнү Москва шаарынын мэри Юрий Лужков Тамчы аба майданын Внуково аба майданы аркылуу каржылоо маселесин бышыктоо үчүн Ысыккөлгө келет.

Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG