Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Мугалимдердин эмгек акысы азыркы шартка таптакыр туура келбейт


БАТКЕН. Мындай пикирлер бүгүн Баткен шаарында өткөн илим жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошун өкүлдөрүнүн республикалык көчмө жыйынында айтылды. Анда бүгүнкү күндөгү мугалимдердин эң негизги маселелери талкууга алынып, жергиликтүү жана республикалык бийлик өкүлдөрүнө сунуш пикирлер багытталды. Кесиптик бирлигинин илим жана билим берүү кызматкерлеринин борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө өлкөдөгү мектептерде жалпы 3000ден ашык мугалим жетишпейт. Ошондуктан эң негизгиси, мугалимдердин маянасын көтөрүү керек.

XS
SM
MD
LG