Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Өкмөт артыкчылык берилген экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн атайын фонд түзөт


БИШКЕК. Дүйшөмбү күнү премьер-министр Феликс Кулов өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйын өткөрүп, анда өлкөдөгү экономикалык кырдаал талкууланды. Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун болжомунда экономика эски жол менен өнүгүп, ал жыл аягына чейин 5% көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок, Кумтөр кенинде өндүрүштүн 35% төмөндөшү жалпы кырдаалга терс таасирин тийгизип жатат. Ал эми биринчи вице премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов артыкчылык берилген долбоорлорду каржылоо үчүн атайын фонд түзүлүп, экономиканы алдыга жылдырууга бардык аракеттер жасалаарын билдирген.

 

XS
SM
MD
LG