Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Өзбек улуттук маданий борбору өзбек тилине расмий тил макамын сурагандарды айыпташты


БИШКЕК. Бул тууралуу аталган борбордун Бишкектеги бүгүнкү курултайында сөз болду. Анда сөз сүйлөгөндөр улутттук-маданий борбор соңку убакта өтө эле майдаланып, жер-жерлердеги бөлүмдөр өз алдынча саясий талап кое башташканын айыпташты. Ар кандай маселени чыр-чатакка жол бербей, мыйзамдуу жол менен чечүү зарылдыгы белгиленди. Курултайга негизинен Кыргызстандын түндүк аймагындагы өзбек улутунун өкүлдөрү катышты. Май айында Жалалабаттагы өзбек улуттук маданий борбору өзбек тилине расмий тил макамын берүү талабын койуп, ал коомчулукта нааразылыктарды пайда кылган.

XS
SM
MD
LG