Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Ошто кыргыз бийлигинен баш калка сураган өзбек качкындарынын саны 31ге жетти


ОШ. Алардын жыйырма экиси чоң адам жана тогузу жаш бала. Бул тууралуу Ош шаардык миграция жана калкты жумуш менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Нурийла Жолдошева билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын бул атуулдары Анжиян окуяларынан бир канча ай өткөндөн кийин келип отурукташып калышкан. Алардын кыргыз өкмөтүнөн баш калкалоо сураган өтүнүчү жарым жылдан бери каралып, бирок жыйынтыктуу жооп али бериле элек. Мындан сырткары Ош облусунда Тажикстандан 90-жылдары жарандык согуш учурунда келген 57 качкын убактылуу жашап жатышат.

XS
SM
MD
LG