Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Президент Курманбек Бакиев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн парламентке ушул жумада сунуштайт


БИШКЕК. Бул тууралуу бүгүн парламент төрагасы Марат Султанов билдирди. Президент өткөн айда Данияр Үсөновду биринчи вице-премьер-министрдин, Ишенгүл Болжурованы вице-премьердин, Азим Исабековду айыл чарба министринин жана Медетбек Керимкуловду өнөр жай, соода жана туризм министринин милдетин аткаруучулукка дайындап, алардын талапкерлиги парламентке күзүндө сунушталаарын билдирген. Депутаттар болсо өкмөттүн жаңы мүчөлөрүн парламенттен тез арада бекитүү маселесин бир канча ирет козгоп келишкен.

XS
SM
MD
LG