Багдадда буга чейин козголоңчулар тарабынан барымтага алынган америкалык эки аскердин сөөгү табылды. Бул тууралуу АКШнын Ирактагы командачылыгы билдирүү таратты. Америкалык эки аскерди өлтүрүүнү “Аль-Каида” менен байланышы бар козголоңчу топ өз мойнуна алды. Буга чейин Багдадда барымтага алынган Россиянын төрт атуулун издөө иштери улантылууда.
Азиза Турдуева, Прага
Азиза Турдуева, Прага