БИШКЕК. Бул тууралуу Москва мэри Юрий Лужков кыргыз премьер-министри Феликс Кулов экөө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында билдирди. Кыргыз-Москва өкмөттөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий тармактар боюнча кызматташуу тууралуу макулдашуунун протоколуна кол коюлду. Москванын мэри Бишкекте «Москва үйү» маданий-ишкер борборунун жерпайын түптөөгө да катышты. Юрий Лужков ушул сапарында Ысыкөл жээгиндеги Тамчы аба майданынын абалы менен да таанышмакчы.
Москва өкмөтү Кыргызстанда социалдык тармакты инвестициялоого жана гуманитардык багытта кызматташууга артыкчылык берет