Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

СУЗАКТАГЫ МЕКТЕП МУКАЙ ЭЛЕБАЕВДИН АТЫНАН ЭРГЕШ ТӨРӨБАЕВДИН АТЫНА ЭМНЕ ҮЧҮН КОТОРУЛГАН?


Фатима Абдалова Сузак районунун Багыш айылындагы Мукай Элебаев атындагы орто мектеп депутат Эргеш Төрөбаевдин атына которулуп кеткен. Бул тууралу Бишкек гуманитардык университетинде Мукай Элебаевдин 100 жылдыгына арналган илимий жыйында айтылды.

Мукай Элебаев – кыргыз адабиятынын тарыхында алгачкы романды жараткан жазуучу. Жазуучунун “Узак жол” романы кыскалыгы, ага карабай, улуу Үркүндөгү боштондук кыймылын, кыргыз элинин кайгылуу тагдырын көрсөткөн улуу чыгарма. Жазуучунун “Зарыгам” деген атактуу ыры канчалаган кыргыз жаштарына илим-билим алууга жол ачкан. Жазуучу Мелис Абакиров Мукай Элебаевди дүйнөлүк иргелген жазуучулардын катарына кошот:

"Анчалык деле адабий-маданий билим албай туруп ушунчалык деңгээлде жазганынан – бу адамдын табигый талантынын касиети го деп ойлойм. Ал эми “Узак жолун” нукура дүйнөлүк жазуучулук үлгүдө жазылган эң сейрек роман деп эсептейм".

Мукай Элебаевдин чыгармаларын адабиятчылар Байдылда Маленов, Салижан Жигитов жана Омор Соороновдор изилдешкен. Омор Соороновдун айтымында, учурда кыргыз илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда Мукай Элебаевдин али жарык көрө элек ар бир папкеси 500 беттен турган 19 папке кол жазмалары сакталып турат. Мукай Элебаевдин туулган жылы да так болбой, бир китепте 1902-жылы туулган делсе, дагы биринде 1904-1905- жылы туулган делет. Жыйында Омор Сооронов Мукай Элебаевдин туулган жылы боюнча тактама киргизди:

"Биздин негизги таяна турганыбыз – Мукай Элебаев 1940-жылы 3-октябрда өз колу менен арап арибинде “мен 1906-жылы Ысыккөлдүн Чоңташ деген жеринде туулгам” деп жазып кеткен. Бул документ. Ошондо Мукай Элебаевге быйыл туура 100 жыл болот."

Андан аркы сөзүндө Омор Сооронов, Мукай Элебаевдин жоокерлик тагдыр жолу таптакыр изилденбей калганын белгиледи жана Сузак районунун Багыш айлындагы Мукай Элебаев атындагы мектеп депутат Эргеш Төрөбаевдин атына өтүп кеткенин өкүнүү менен айтты:

"Сузактын Багыш айлындагы Мукай Элебаев атындагы мектеп депутат Эргеш Төрөбаевдин атына өтүп кеткен. Себеби депутат жаңы мектептин салынышына 1 млн 300 миң сом жардам эткен экен. Ал эми мектептин салынышынын жалпы баасы 18 млн сом. Бул акча – элдин акчасы да. Бул өтө өкүнүчтүү. Төрөбаев – макул ал депутат. Бирок ал эртең депутат болбой калышы да мүмкүн да. Ал эми Мукай Элебаев – улуттун байлыгы болгон көркөм чыгармаларды жараткан улуу жазуучу гана эмес, элин коргоп бөтөн жерге баш жаздаган кыргыздын уулу эмеспи... Ушундай келегей иштерге мамлекет тарабынан эч кандай мамиле жок болуп жатат".

Мукай Элебаев фондунун төрагасы академик Абдыганы Эркебаев мектептен Мукай Элебаевдин ысмынын алынып калышы боюнча фонддун жана республиканын чыгармачыл жамааттарынын атынан тиешелүү жактарга кайрылуу жолдойлу деп жыйындагыларга кайрылды:

"Мен бул окуяны бүгүн алгач угуп жатам. Эгер ошондой болгон болсо, бул Кудайга да туура келбеген иш. Анан калса мыйзам да жок, көзү тирүүсүндө атын койгонго. Коомдук пикир катары муну элге жеткизели".

XS
SM
MD
LG