Карыздар дагы өсүү жолунда. Мындай шартта өкмөт «Электр станциялар» коомунун кызыкчылыктарын коргоого жеткиликтүү көңүл бөлбөй жатат. Бул тууралуу «Электр станциялар» компаниясы 21-июнда билдирди. Өкмөт карызы көп обьектилерге электр энергиясын берүүнү токтотууга уруксат бербей жатат. Бул абал уланса, анда тармакта абал оңолгус деңгээлге барат, деп айтылган билдирүүдө.