Өзбек тилине расмий тил укугун берүү демилгесин көтөрүп чыккан парламент депутаты К.Батыров тууралуу шаршембидеги «Энесай гезити Жумаке Сейитов деген автордун «Кадыржандын «кислороду» кайдан чыгат?» деген макала жарыялады. Депутат Батыровдун «элдин ичиндеги кислород чыгып турушу керек» деген жарыя айтылган пикири бар. Бирок ал «кислородко» «турмуш-тиричиликте боло жүрчү майда-барат чыр-чатактарды, конфликттерди четинен санап, ошолордун баарына улуттук боек сүртө бериптир», деп жазат макала автору.
Парламент депутатынын өзбек тилин көтөрмөлөө аракети тууралуу шаршембидеги «Дело №» гезити да макала жарыялады. Журналист Олег Жук депутат К.Батыровдун кыргыз коомчулугун сестенткен билдирүүсүнөн аз өтпөй анын мүлкүн басып алуу башталганын маалымдайт. К.Батыров куруп аткан үйлөрдү жергиликтүү адамдар тобу ээлеп алышкан.
Бул аз келгенсип, ал ээлик кылган өзбек университетинин окутуучусу жашыруун диний-экстремисттик багыттагы китептерди таратып жүргөнү ашкереленди. Депутаттын өз тилине расмий тил укугун алып берүү аракетин өзбек маданий борборунун мүчөлөрү да колдобой, К.Батыровдун ушу тапта иши жүрүшпөй жатат, дейт журналист Олег Жук.
Жаңы Конституция кандай болушу керек, мурдагыдай эле күчтүү президент, чабал парламент, экөөнүн көзүн караган парламент болобу? Бул суроого шаршембидеги «Энесай» гезитинде белгилүү коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев жооп издеген. Анын айтуусунда, Кыргызстан эгемендик жылдары өнөр жай өндүрүшүнөн кол жууп калуу коркунучуна туш келип, коррупцияланган мамлекетке ээ болду. Президентке опсуз укуктар берилип, жоопкерчилиги жок калган. Конституцияга кирчү жаңы өзгөрүүлөрдө мына ушул кенемте толукталышы керек, дейт О.Дүйшеев.
Жаңы Конституция темасына шаршембидеги «Республика» гезитинде саясий баяндамачы Алымбек Биялинов «Кыргызстан үчүн «Манхеттен долбоору же Кыргызстанга кандай Конституция керек» деген макаласында токтолду. Автордун ырасташынча, Башмыйзам ириде коомдук келишим болушу керек. Анда мамлекетти кезектешип башкаруу системасы киргизилиши абзел. Ансыз жаат-жаатка бөлүнүүчүлүк токтобойт.
Дегеле Кыргызстанды башкаруунун жол-жобосун жазып чыгууну элдин өзүнө тапшыруу туура болмок, дейт А.Биялинов. Азыркы турушунда Кыргызстандагы бийлик системасы өзүнө ылайык гана Конституция жазышы мүмкүн. Ошол себептүү Башмыйзам жазууга ашыкпай, аны элдин өзүнө тапшырып, бийлик бутактары өз алдынча иштей бергени оң. Кыйла күч, убакты-саат саясий күрөшкө кетип жатат. Кыргызстанга коомдук келишим керек. Анда күчтүү аткаруу, ошондой эле кабелтең парламент керек, дейт А.Биялинов.
«Дело №» гезити паспорт көйгөйү тууралуу Ольга Новгородцеванын макаласын жарыялады. Шашылыш чет өлкөгө чыкчу жарандарды паспорт столунда иштегендер кантип кыйнагандыгы, паспорт алуу толгон-токой тоскоолдуктарга кабылган жумушка айлангандыгы макалада конкрет фактылардын негизинде баяндалган.
Гезитте быйыл Баткенге чек ара бузуп кирип келген тажикстандык кылмыштуу топтун мүчөлөрү, алардын кандуу жортуулу кандай жүргөндүгүн баяндаган материалга да орун берилген.
Кытай инвестициясы тууралуу узун сөздөрдүн артында кандай сырлар катылып турганын шаршембидеги «Белый пароход» гезитинде Елена Авдеева талдоого алган. Кыргызстандын ички дүң продуктусу ыкчам көбөйө албай туру. К.Бакиев өкмөткө тапшырган 8% өсүштүн быйыл болушу күмөндүү. Кыргызстан Азияга жүз буруп, Европага далысын сала баштады, деп жазат макала автору.
Кыргызстандагы быйылкы жайкы эс алуунун жагдайы кандай болору шаршембидеги «Белый пароход», «АиФ Кыргызстан» апталыгында баяндалган. Кыргызстан туризмге чоң басым жасап, дүйнөгө жар салып аткан чакта Вьетнам да ошондой максатты алдыга жайган, деп жазат Д.Орлов. Азыр Вьетнамда туризмден түшкөн пайда өлкөнүн ички дүң продуктусунун 23% түзөт. Бул жерде «2 гана университет бар, анткен менен баары иштешет, жакырлары да иштеп жүргөнүн көрөсүң», деп жазат Д.Орлов.
Кыргызстанда күлүк таптоо, жорго салыш, ат чабуу сындуу мелдештер такай өткөрүлүп, алар бара-бара олимпиадалык оюндардын катарына кирип калыш ыктымалдыгы ушул эле гезиттеги А.Анарбекованын макаласында баяндалган.