Бүгүн Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин коргоо жана тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Ага Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков, тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов да катышат. 23-июнда Минск шарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити өтөт.