Ирактагы “Козголоңчулар кеңеши” аттуу топ Багдадда уурдалган орусиялык төрт атуул өлтүрүлөт деген маалыматты интернет аркылуу таратты. Буга байланыштуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги козголоңчу топтон барымтадагы орусиялык атуулдарды өлтүрбөөнү өтүндү. “Козголоңчулар кеңеши” Россиядан 21-июнга чейин Чеченстандан аскерлерин алып чыгып кетүүнү жана камактагы мусулмандарды бошотууну талап кылган.
Ирактагы козголоңчу топ Багдадда уурдалган орусиялык төрт атуул өлтүрүлөт деген маалыматты таратты