Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

БҮГҮН XXVIII МОСКВА ЭЛАРАЛЫК КИНО ФЕСТИВАЛЫ АЧЫЛАТ


Төрөкул Дооров, Прага Жай айларында Орусияда түрдүү кинофестивалдар көп өтө баштайт. Сочиде жалаң орусиялык фильмдер катышкан “Кинотавр” фестивалы бүтүп, эми бүгүн, 23-июнда, XXVIII Москва эларалык кинофестивалы башталганы турат. Бул конкурс, белгилүү болгондой, жалпы эларалык сынак деп эсептелинет. Ошондуктан, негизги конкурска Орусиянын атынан 1 эле фильм катышат. Бул – режиссер Алексей Мурадовдун «Курт» деген фильми.

Быйылкы Москва эларалык кинофестивалына даярдык баштан эле кызыктуу, кээде орусиялыктар үчүн жагымсыз окуялар менен коштолду. Баштап, мындан эки айдай мурун фестивалдагы калыстар тобун Европада ушу тапта өтө белгилүү жана абройлуу режиссерлордун бири, австриялык Михаэл Ханеке жетектейт экен деген кабар айтылды. Ханеке жалпы көрүүчүлөргө «Пианистка» жана «Жашыруун» деп аталган тасмалар аркылуу белгилүү.

Анын мына ушул “Жашыруун” деген тасмасын былтыр Европанын киноакадемиясы “жылдын эң мыкты фильми” деп аталган болчу. Бирок фестивальга бир нече күн калганда, Ханеке азыр жаңы тасмасынын үстүндө иштеп атканын айтып, колу бошобой турганын, фильм тартуу ал үчүн фестивалга карата алда канча маанилүү экенин билдирди жана жетекчилик кызматтан баш тартты. Бул, албетте, орусиялыктарды капалантпай койгон жок.

Кийинчерээк калыстар тобун жетектөөгө британиялык режиссер Питер Гринуейге тапшырылат деп жатышкан эле. Бирок көп өтпөй, ал да бул милдеттен баш тартканы дайын болду.

Эсиңиздерде болсо, калыстар тобун 2002-жылы кыргызстандык жазуучу Чыңгыз Айтматов да жетектеген болчу.

Иш кылып быйылкы Москва эларалык фестивалынын башталышы ушундай жагымсыз сезимдерди калтырды. Айрым кино-сынчылар мунун өзү жылдан-жылга аталган фестивалдын кадыр-баркы да түшүп баратканы менен байланыштуу дешет. Быйылкы жолкусу кандай өтөт, ким жеңет – алдыдагы жумада белгилүү болушу керек.

Бүгүн фестиваль кытайлык белгилүү режиссер Чен Кайгенин «Убда» деп аталган фильми менен башталат.

Башкы конкурстук программада тандалып алынган тасмалар, негизинен, европалык мамлекеттердин режиссерлорунуку. Орусиядан Алексей Мурадовдун «Курт» деген тасмасы көрсөтүлөт. Ал эми «перспектива» деген атайын конкурстук программада өзбекстандык режиссер Елкун Туйчиевдин «Чашма» же «Булак» деп аталган фильми көрсөтүлөт экен.

Фестиваль 2-июлга чейин созулат жана соңунда Педро Альмадоваранын «Кайра кайтуу» деп аталган жаңы тасмасы менен жыйынтыкталышы күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG