Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:25

КЫТАЙ БОРБОР АЗИЯ МЕНЕН ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫККА КЫЗЫКДАР


Төрөкул Дооров, Прага Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин отосундагы карым-катнаш соңку жылдары улам жакшырып баратат. Өзгөчө, саясат жана коопсуздук, соода сатык жана экономикалык алакалар кызматташуунун негизги өзөгүн түзгөн тармактарга айланууда. Өткөн аптада Борбор Азиянын жана Кытайдын лидерлери ортодогу экономикалык кызматташтык менен регионалдык кызматташтыкта чоң ийгиликтерге жетишкенин ачык жарыя кылышты. Ошол эле учурда, айрым аналитиктер Кытай тарабынан “билинбеген оторчулук” болуп жатканын айтышууда.

Башта терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) бул жолку, 15-июнда, Кытайда өткөн саммитинде экономикалык кызматташтык да күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп калды.

Саммиттин алдынан кытайлык Синьхуа маалымат агенттиги Шанхай Кызматташтык Уюмунун баш-катчысы Чжаң Дегуаңга шилтеме жасап, эми алдыдагы 20 жылда аталган уюм өзүн регионалдык маанайдагы экономикалык кызматташтыкка арнай турганын жазып чыкты.

Советтер Союзу тээ 1991-жылда таркап кеткенден бери ага кирген мамлекеттер экономика жаатында биргеликте иштешүү боюнча канчалаган келишимдерге кол коюп, нечендеген өкмөттөр аралык комиссияларды түзүштү. Бирок бул жолу Жаң-Дегуаңдын билдирүүсү эми ошолордун катары алгачкы ирет Кытай менен толукталаарын айгинеледи окшойт.

Юи Лу – Лондондогу Эларалык мамилелер падышалык институтутун Кытай боюнча серепчиси. Биздин радионун суроолоруна жооп берип жатып, “регионалдык интеграция боюнча Кытайдын аракеттерине каршы туруу натуура болмок” дейт Лу.

Анын ишениминде, Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусия ортосундагы экономикалык алакалар анча ийгиликтүү болбой жатканынын себептеринин бири – алардын экономикалары, негизинен, жаратылыш байлыктарына негизделгендигинде. Анткени ортодо көп учурда кызматташтык эмес, атаандаштык пайда болот. “Ал эми Кытай менен эркин соода аймагын түзүү ишинде жалпы кызыкчылыктар бар” деп кошумчалайт Лу айым.

- Бул жерде, албетте, потенциал бар. Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин экономикалары бири-бирин толуктап турат деп ойлойм. Буга чейин, балким, Орусия бул мамлекеттер менен кызматташуу жөнүндө сүйлөп келгендир. Бирок алардын баарынын экономикасы жаратылыш ресурстарына бай болуп туруп, бирок өндүрүшү төмөн. Кытайда болсо дал ушул өндүрүшү өнүгүп, керектөөчү товарларды чыгарып жатканы менен белгилүү, - дейт Лондондогу Эларалык мамилелер боюнча падышалык институттун Кытай боюнча серепчиси Юи Лу.

Кытай мунайды эң көп иштеткен мамлекеттердин ичинде АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Андыктан мунай жана газга бай Борбор Азия энергияга чаңкаган Кытайга маанилүү аймак бойдон калууда.

Кытай өзү колдонгон энергиянын жарымынан көбүн чет-мамлекеттерден, көбүнчө Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан, сатып алат. Ушу тапта кытайлыктар эми Жакынкы Чыгыштан мунайга көз-каранды болбой, бул иште өзгөрүүлөрдү киргизүүнү каалап жатышат.

Ошондуктан азыр Кытай энергия жаатында Борбор Азия менен байланышты күчөттү. Өткөн аптадан тарта Кытайга казакстандык мунай алгачкы чет-элдик мунай кууру аркылуу жөнөтүлө баштады.

XS
SM
MD
LG