Бүгүн Минскде Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна жана Евразия экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин президенттеринин саммиттери өтөт. Аларга Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев да катышат. Маалыматтарга караганда, Евразэстин жыйынында карала турган башкы маселелердин бири Бажы союзун түзүү болот. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында болсо ыкчам кыймылга келүүчү жамааттык күчтөр жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө.