Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

ЭКИЯ ДЕГЕН КИМ ЭЛЕ?


Бүгүнкү сөзүбүз тубаса актер, куудул, комузчу, обончу, фольклор жыйноочу, жарык дүйнөдөн 42 курагында кеткен Экия Мукамбетовдун чыгармачылыгы жөнүндө болмокчу.

Берекеси элең өмүрдүн,
Белсемдүү элең элиңдин,
Он үчкө жетпей энемден,
Шорум бир катып бөлүндүм.
Энем да жок, атам да жок,
Азабын тарттым өмүрдүн – деп, Экия бармактайынан согуштун апатынан комузчу атасынан, он эки жашынан энесинен айрылып, жетимчиликтин ачуу, таттуусун көп тартканын чакан отуруштарда комуздун коштоосунда, өтөгөн өмүрүнө бир эсе сереп сала, бир эсе өксүй ырдаар эле. Кезегинде кыргыз угуучу-көрүүчүлөрүнө аттын кашкасындай таанылган ар тараптуу шыкка бай маркум Экия Мукамбетов бар болгону 42 гана жаш жашады. Ал ооруганына карабай эл аралап оюн коюп, күү чертип, ыр ырдап, обон созуп жүрүп күтүлбөгөн жерден мүрт кеткен. Деги Экия деген ким эле?

Ал 1954-жылы Карамолдо, Ыбырай, Осмонкулдун өтүнүчү боюнча Кыргыз Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармонияга комузчу, ырчы, куудул катары кабыл алынат. Экия филармониянын босогосун аттаган күндөн угуучуларга комузчу-аткаруучу, тубаса куудул, тунук үндү ырчы, мукамдуу обондордун автору катары таанылат. Экия өзү жашап жаткан замандын турмуштагы оң-терс көрүнүштөрүн, өзү менен бирге иштешкен актерлордун, жоро-жолдошторунун кыял-жоруктарын, баскан-турганын, сүйлөгөн сөздөрүн кудум өзүндөй туураганда таң калбаган, боорун тутуп күлбөгөн жан калчу эмес.

Айрыкча Экия Сабира Күмүшалиеванын, Даркүл Күйүкованын телефон менен сүйлөшкөндөрүн, акын, обончу-ырчы Абдрашит Бердибаевдин ырдаганын кудум өзүндөй туураганда жана акын-жазуучулардын куйкумдуу тамашаларын айтканда укккандар боо түшө боолорун тытышчу. Тилекке каршы өз убагында Экиянын куудулдук өнөрү эч бир радионун, теленин тасмаларына жазылбай калган.

Маркум Муканбетов филармониянын сахнасында куудулдук менен бирге комузчулар ансамблине катышышып, Атайдын, Токтогулдун, Айдараалынын, Карамолдонун, Ыбырайдын, Шекербектин залкар күүлөрүн таңшыта чертип чечекейлерин да чеч кылган.


Маркум Экиянын адамкерчилиги, комузчулук өнөрү жөнүндө кесиптеши, эл артисти, төкмө Ашыралы Айталиев:

- Мен Экияны филармонияда артист болуп иштей элек кезинен эле жакшы билчү элек. Ал Түптүн Талдысуу айылында төрөлүп өскөн жигит эле. Экиянын жайдары мүнөзү, жакшынакай кыял-жоругу күнү бүгүнкүдөй эсимде. Экия өзүнүн мүнөзүнө жараша кыргыз комузун адамдай сүйлөтчү. Ал жеке эле обондорду, күүлөрдү чертпестен, орустун элди частушкаларын, обондорунда курма күү түрүндө булбулдай сайратып черткенде угуучулар таңдануу, суктануу, асылдануу менен угушчу. Ал турсун Экиянын чертип жатканын угушкан орус угуучулары да эмне деген чеберчилик деп аябай таң калышчу. Ыбырайдын, Карамолдонун күүлөрүн ушунчалык так, таза кайрып чертчү. Алардын өздөрү да айтышчу Экия ырга, куудулдукка алаксыбай комуздун аркасынан түшсө чоң комузчу болоор эле деп.

Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев айткандай Экия улуу комузчулардын күүлөрүн таза, так кайрып, табына чыгара чертүү менен бирге орус, казак, кыргыз обондорунун мыкты үлгүлөрүн тандап алып, аларды мазмунуна, аваздык көп түстүү көркөмдүүлүгүнө жараша бирдей музыкалык тематикага, өнүгүшкө бириктирип өзүнчө бүткөн чыгарма түрүндө курама күү түрүндө иштеп чыгып калктын калысына койгон. Алсак, Экия кыргыздын аттуу-башттуу шайырларынын угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк тапкан обондорун тандап алып, аларды биринчилерден комузга салып курама күү үчүн иштеп чыккан.

Ар тараптуу шыкка бай Экия Муканбетов залкар комузчулардын күүлөрүн чертүү, обондорду байыркы аспап үчүн иштеп чыгуу менен бирге өзү да күүлөрдү чыгарган. Автордун күү чыгаруудагы жаркын шыгынын жекечилдиги үстүнө суу койсо төгүлбөгөн кыргыздын жоргосунун жүрүшүн кебете-кешпирин “Жолго жорго” аттуу күүсүндө сыпатоодо өзгөчө көрүнгөн.
XS
SM
MD
LG