Бул тууралуу Ирактагы америкалык командачылык билдирүү жасады. Маалыматтарга караганда, америкалык аскер кызматкери Натан Линн ушул жылдын февраль айында Ирактын Рамади шаарында жергиликтүү тургунду атып салган. Бул ишке америкалык аскер Митлон Ортиздин да катышы бар деп айтылууда.