Ушул түнү Палестин автономиясынын жетекчиси, ФАТХ кыймылынын лидери Махмуд Аббас жана премьер-министр, Хамастын жетекчилигинин өкүлү Исмаил Хания автономиядагы кырдаалды талкуулашты. Алар автономиядагы козголоңчу топторун куралдарын тапшырууга жана өлкөдөгү кырдаалды стабилдештирүүгө көмөктөшүүгө үндөштү.