Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Иракта барымтага алынган россиялык төрт дипломат өлтүрүлгөндүгү жарыяланды


Иракта барымтага алынган россиялык төрт дипломат өлтүрүлдү. Бул тууралуу маалыматты ага жоопкерчиликти өзүнө алган «Козголоңчулар кеңеши» аттуу уюм интернет аркылуу таратты. Бирок, Россия бул маалыматты аныктай элек. Козголоңчу уюм Россиянын өкмөтүнө 48 сааттын ичинде Чеченстандан аскерлерин алып чугуу жана түрмөдөн чечендерди чыгаруу талаптарын койгон. Россиянын Багдаддагы төрт кызматкери 3-июнда барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG