Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

БАҢГИЛИК ӨМҮРДҮ, ТАГДЫРДЫ ТАЛКАЛАЙТ


Фатима Абдалова Республика боюнча наркологиялык каттоодо баңгизатка көз каранды 7290 адам турганы менен, иш жүзүндө алардын саны алда канча көп. Баңгизат – адамды баңгилик менен кошо СПИДге, кургак учукка, дагы башка оор дарттарга кириптер кылууда.

Баңгиликке берилген 7290 адамдын 5,4 пайызын балдар түзсө, СПИДди жугузгандардын 90 пайызын баңгимандар түзөт. Ал эми СПИДге кабылган аялдардын 80 пайызы баңгиге берилген күйөөлөрүнүн курмандыгы болуп отурушат. Кыргызстандын түштүгүнүн Афганистан, Тажикстан менен чектешкен жерлериндеги текшерүү күзөтүнүн начардыгы Кыргызстанда да баңгиликтин өсүшүнө шарт түздү. Баңгилик элибиздин тагдырына кадимкидей кирип, баңгизаттар менен кармалуу мурдагыдай таңкалтарбай калганын Жеңишбек Назаралиевдин дарылоо борборунун башкы дарыгери Эркин Кубатов белгилейт:

«Беш жыл мурун 500 грамм героин менен кармалды десе, Кыргызстан үчүн сенсация болчу. Азыр мына быйылкы эле 6 айда 250 кг героин кармалган.Бул эми кармалганы. Ал эми кармалбай өтүп кетип атканы канча... Көздү жуумп 250 килограммды 2 ге, 3 кө көбөйтө бериниз. Канчалаган жаш балдар өлүп кетип атат баңгиликтен. Аларды текшерүүгө алган так эсеп да жок”.

Учурда баңгилик көбүрөөк өз чеңгелине жаштарды алууда. Бүгүн кыргыз драма театрында өткөн баңгизатка каршы акцияда баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору Бекболот Ногойбаев жаштарга кайрылып сүйлөдү:

«Мен өз ишимде көп эле кылмыштуулукту көрдүм. Бирок бул баңгилик өтө коркунучтуу кылмыштуулук экен. Мында адам жарым айбанга айланып калат экен. Көп жаштар баңгиликке берилип кетип жатышат. Мен билем көп эле атактуу адамдардын кыздары-балдары баңгиликке берилип, ата-энелери сыздап жүргөнүн. Баңгилик тагдырды, өмүрдү талкалайт.

Аталган агенттик баңгилик менен күрөшүүдө жаштарды спортко тартуу иш чараларын күчөтүүнү иштеп чыгууда. Улуттук гвардиянын аба десанттарын даярдоо боюнча командиринин орунбасары Табылды Окошовдун пикиринде, спорт - жаштарды бангиликтен арачалоочу багыт:

“Биз кечээ Кантта парашюттан секирүүнү көрсөттүк – жаштар Улуттук гвардияга келип кызмат кылышса, спортко жакын болушса, баңгиликтен алыс болушса деп. Балдарды спортко, жакшы жолдорго кызыктыра билсек, балдар ар кандай жаман адаттардан алыс болушат эле”.

Ал эми Акбар ажы жаштарды баңгиликтен сактоонун жолун мечиттерде медреселерди ачуудан көрөт:

«Жаштарды аракечтиктен, баңгиликтен алыстатуу максаты менен Ысыккөлдүн Түп районундагы Талдысуу айлына мечит салдырып, медресе ачтырайын деп өкмөткө чуркап жүрүп, бүгүн уруксат алдым. Мен өзүм Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалиммин. Менин окуткан көп балдарым, мектеп деректирлигине чейин жеткен балдарым ичкиликке, баңгиликке берилип кетишти. Мен аларды балакеттен кайруунун эң айкын жолун – ушинтип медресе ачуудан көрдүм”.

Кыргыз драма театрында баңгиликке каршы өткөн акциянын аягында баңгиман адамдын тагдырын тарткан “Тагдыр” драмасы көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG