Ирактагы америкалык аскерлердин санын кыскартуу маселесин ал жердеги америкалык командачы Жорж Кейси жана Ирак өкмөтү чечет. Бул тууралуу президент Буш билдирди. Генерал Жорж Кейсинин билдиргенине караганда, Ирактагы америкалык аскерлердин саны жыл аягына чейин 50 пайызга кыскартылышы ыктымал.