Россиянын тышкы иштер министрлиги Россиянын Багдаддагы элчилигинин барымтага алынган төрт кызматкери өлтүрүлгөндүгүн ырастады. Федор Зайцев, Ринат Англиулин, Анатолий Смирнов жана Олег Федосеев Багдадда 3-июнда барымтага алынган. Козголоңчу уюм Россиянын өкмөтүнөн Чеченстандан аскерлерин алып чыгуу жана түрмөдөн чечендерди чыгаруу талаптарын койгон. Россиялык дипломаттардын өлтүрүлгөнүнө байланыштуу АКШ көңүл айтуусун билдирди.
Россиянын тышкы иштер министрлиги Иракта барымтага алынган төрт россиялык атуул өлтүрүлгөндүгүн ырастады